Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели № 4
Семеновка айыл аймагында жазгы-күзгү талаачылык иштерин жүргүзүүдөтехникаларды колдонуу жана алардын колдонуу акысын бекитүү максатында Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси О Казиев, Кожояр айылынын айыл башчысы К Сыдыков жана айылдык Кеңештин “Жер агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал , жайыт маселелери” боюнча № 2 туруктуу комиссиясы менен бирдикте Семеновка айыл аймагында жазгы-күзгү талаачылык иштерин жүргүзүүдө техникаларды колдонуу жана алардын колдонуу акысын трактористер менен бирдикте чечүү жагы милдеттендирилсин.
2. Май айынын 1нен калтырбай малчыларды жайлоого көчүрүү ишин уюштуруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Д. Чокоев жана АО мал чарба ,ветеринария боюнча башкы адиси К Турдалиевке жүктөлсүн.
3. Жайлоого көчүрүлгөн малчылар 1-октябрга чейин жайлоодон малды түшүрбөсүн. Бул боюнча иш-чараны аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Д. Чокоев жана АО мал чарба ,ветеринария боюнча башкы адиси К Турдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |