Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели № 3
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш отургузуу жер салыгын Салык Кодексинин 337-беренесинин 49-бап 6-пунктунун негизинде базалык чени 450 сомго көтөрүлсүн.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Э Раимбековго жана ФЭБнүн башчысы Г Элебесовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |