Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясынын
2017-жылдын 17-февралы № 11
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн айыл чарбасына акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнгүүсүн жогорулатуу максатында айыл чарбасы үчүн трактор алууга акча каражатын бөлүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургуну Чыбышев Токтогулдун сунушун карап Салам-Алик айыл кеёешинин 6-чакырылыш 4-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасын жогорулатуу, экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында ТГ-90 маркасындагы каз тамандуу трактор сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 750,0 (жети жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул акча каражатын которуунун мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келээрин аныктап, аткаруу жоопкерчилиги айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеёешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |