Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясынын
2017-жылдын 17-февралы № 12
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин 2018-19-жылга божомол бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, КРнын “ЖӨБ” Мыйзамдарынын тиешелүү беренелерине таянып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылкы бюджети жана 2018-19-жылкы божомол бюджети боюнча айылдык Кеңештин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун (токтомун) эске алып Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 13948,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 13289,66 миң сом деп белгиленсин (№ 1,2 тиркеме тиркелет).
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 13917,1 миң сом, чыгаша бөлүгү 13917,1 миң сом деп бекитилсин. 2017-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары № 3 тиркемеге жана чыгашаларын түзүүчү багыттар № 4 тиркемеге жана ага тиркелген разделдер (статьялар) боюнча сметаларга ылайык аныкталсын.
3. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү түшкөн кирешелердин (гранттардын, ж.б. салымдардын) чегинде биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча: эмгек акы, соцфондго которуу, соцжардам, маданий иш чаралар, тамак аш, коммуналдык кызматтарга жана эң зарыл жумуштарга (жашоо коопсуздугу, ичүүчү суу, жылуулукка, ж.б.) каржылануусу белгиленсин.
4. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-19-жылга божомол бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилип, 2018-жылга киреше 9291,5 миң сом (айыл ъкмът\н\н ъзд\к кирешеси, б.а. грантсыз), 2019-жылга киреше 9155,7 миң сом (айыл ъкмътт\н ъзд\к кирешеси, б.а. грантсыз) деп белгиленсин жана аларды так мезгилде кабыл алууда кошумча такталаары белгиленет.
5. Кыргыз Өкмөтүнө тиешелүү кат менен кайрылып, бюджеттин жетишсиз жагын жоюу максатында жогорку баскычтагы бюджеттен теңдөөчү гранттан бөлдүрүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү бюджеттин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке кандай гана себеп болгонуна карабастан алынууга жатпастыгы белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 136,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Атайын каражаттар казына системасын четтеп өтүү менен пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Айыл өкмөтүнүн айланма кассалык накталай акчасы 2017-жылдын 1-январына карата 122,0 сом (бир жүз жыйырма эки сом) өлчөмүндө белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И. |