Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясынын
2017-жылдын 17-февралы № 14
Кызыл -Чарба айылынын жалпы тургундарынын жыйынын токтомун эске алып
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылдык аймагындагы Кызыл-Чарба айылында жайгашкан аялдама ордунан алынып, маданият үйүнүн тушуна которулсун.
2. Аялдаманы которуп берүү боюнча сунуш № 5 жол тейлөө ишканасына, анын жетекчисине жөнөтүлсүн (жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт).
3. КРнын ченемдик актыларына, Мыйзамдарына каршы келбесе Э.Асанбеков атындагы көчөдөгү сайга түшүп кетүүчү жол бардык жер тилкелеринин жайгашуу тартибин, аянтын сактоо менен түздөлүп, кайрадан чийип берүү Өзгөн райондук архитектурасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И. |