Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясынын
2017-жылдын 17-февралы № 16
Айыл өкмөтүнүн кээ бир мекеме- уюмдарынын жумушчу-кызматкерлерин кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнүн негизинде Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу жана чыгымдарга жол бербөө максатында айыл өкмөтүнүн төмөндөгү штаттык бирдиктерин кыскартуу жагы тиешелүү уюмдан суралсын:
-Кызыл-Чарба айылындагы китепкананын тазалоочу штаттык бирдиги;
-Кош-Этер айылындагы китепкананын тазалоочу штаттык бирдиги;
-Салам-Алик борбордук маданият үйүнүнүн көркөм жетекчиси штаттык
бирдиги;
2. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И. |