Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясынын
2017-жылдын 17-февралы № 17
Өзгөчө кырдаалдар боюнча, мал чарбасын тейлеген эмдөөчү вет. сервисинин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесининин 6-бөлүкчөсүнө ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р.Сатыбалдыевдин, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин жана Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери боюнча туруктуу коммиссиянын төрайымы З.Кареванын маалыматтарын талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги 5-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р.Сатыбалдыевдин, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү Ж.Нуралиевдин жана Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери боюнча туруктуу коммиссиянын төрайымы З.Кареванын маалыматтары эске алынсын.
2. ФАПтардын, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилерине маалыматтагы кемчилдиктерди эске алып, толук кандуу иштөө жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеёешинин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |