Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 18
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Т Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңешинин 6-чакырылышын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 317025 (үч жүз он жети миё жыйырма беш) сомго, чыгаша бөлүгү 317025 (үч жүз он жети миё жыйырма беш) сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Салам-Алик жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 351465 (үч жүз элүү бир миё төрт жүз алтымыш беш ) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 351465 ( үч жүз элүү бир миё төрт жүз алтымыш беш) сомго бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И. |