Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 19
Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнүн натыйжасында Салам-Алик айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 65-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 13-00 сом;
Жылкыга 65-00 сом;
Кара малга 65-00 сом;
2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 125-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда: Кой-эчкиге 25-00 сом;
Жылкыга 125-00 сом;
Кара малга 125-00 сом;
3. Малчы-чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 300-00 сом;
Жылкы 300-00 сом;
Кой-эчкиге 70-00 сом;
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И. |