Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 20
Салам-Алик айыл ө кмө түнүн аймагындагы айдоо жерлерди жана чө п ормо аянттарын малга тебелетип жедиргени үчүн айып салуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-бө лүкчөсүнө ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жерлерди жана чө п ормо аянттарын малга тебелетип жедиргени үчүн айып салуу жөнүндө көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл ө кмө түнүн аймагындагы айдоо жерлерди жана чө п ормо аянттарын малга тебелетип жедиргени үчүн тө мө ндө гү айып салуу тартиби сунуш кылынсын:
Кара мал үчүн 500-00 сом;
Жылкы үчүн 500-00 сом;
Кой-эчки үчүн 100-00 сом;
2. Бул сунушту аткаруу Кыргыз Республикасынын админстративдик Кодексинин жана башка Мыйзам актыларын жетекчиликке алып, аткаруу жагы айыл ө кмө түнүн башчысына, айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И. |