Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 21
Салам-Алик айылындагы Лесхоз мааласинин көчөсүнө ысым ыйгаруу боюнча айылдын тургуну Муратова Рапиянын арызын кароо жөнүндө
Салам-Алик айылынын тургуну Муратова Рапиянын билдирүүсүн жана арызын карап, көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнүнүн натыйжасында Салам-Алик айылдык кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылынын тиешелүү көчөсүнө ысым ыйгаруу боюнча талаштуу маселелер жаралгандыгына байланыштуу аталган маселени чечүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары жана тиешелүү депутаттардын катышуусунда Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынында добуш берүү тартиби менен чечилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И. |