Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 22
Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын аянтынан акысыз өтүү боюнча
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Таштемиров Арстандын сунушун угуп Салам-Алик айыл Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга өткөн Салам-алик айыл аймагынын тургундары көзөмөлдөөчү-каттоочу жерде
н акысыз өткөрүүнү аталган мекемеге сунуш кылынсын.
2. Парктын айланасына жергиликтүү тургундарды акысыз өткөрүүнүн жобосун жана келишимин иштеп чыгуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеёештин тиешелүү туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |