Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 24
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебин кайрадан куруу жөнүндө
Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Кулмурзаев Сейитбек төмөндөгүдөй билдирүү менен жалпы депутаттарга кайрылды:
“Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектеби 1991-жылы фин. тибинде курулган. Ал мектепте 195 окуучу бала окуп, билим тарбия алып жатышат. Фин.тибинде курулгандыктан бүгүнкү күнү жыгачтары чирип, мектеп авариялык абалда турат, потолоктору ийилип урап түшүү коркунучу туулууда. Окуучуларды ал мектепке окутуу кооптуу болууда.
Дубалдары ным тартып чирий баштагандыктан 2007-жылы ӨКМге билдирүү берилип, министрликтен адистер келип текшеришип, мектепти кайрадан куруу керек деген корутунду чыгарып кетишкен.
Ошол корутундуун негизинде жаңы мектеп куруу боюнча Өзгөн районунун 2013-2017-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына дагы киргизилген. Бирок экономикалык тартыштыктарга байланыштуу ал мектептин имаратын куруу ушул убакка чейин чечилбей келүүдө.
Ошондой эле мектептин жараксыздыгы жөнүндө 2016-жылдын 24-апрелиндеги 23-16-ТЗ сандуу Ош шаардык жана архитектура башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн дагы бүтүмү чыккан.
Азыркы убакта шыптары ажырай баштады, кышында кар оор жааса же кичине эле силкинсе урап калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн мектептин курулушу кап.ремонт түрүндө келип калган. Жогорку бүтүмдөрдүн негизинде мектепти кайрадан курууну жогорку органдарага билдирүүнү суранам”.
Жогорудагы билдирүүнү талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын” 31-беренесине, КРнын тиешелүү Мыйзам актыларына ылайык жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин имараты боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусуна таянып, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыгын эске алып, аны жаңыдан куруу мөөнөтүн эң жакынкы убакытка жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Президентинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеткирүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |