Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 25
Салам-Алик айыл өкмөтү “Өзгөн Энерго Уголь” ЖЧК көмүр ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын” 31-беренесине, КРнын тиешелүү Мыйзам актыларына ылайык жана Салам-Алик айыл кеңешинин туруктуу коммиссиясынын төрагасы А.Таштемировдун “Өзгөн Энерго Уголь” көмүр ишкасы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү боюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айыл кеёешинин 6-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтү менен “Өзгөн Энерго Уголь” ишканасынын ортосунда Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жарандарына төмөндөгү өлчөмдөгү көмүрдү түшүрүп берүү, көрсөтүлгөн кызматтарды жана ижара салык төлөөнү аткаруу боюнча эки тараптуу келишим түзүү талап кылынсын:
-100 (жүз) тонна жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер көмүр түшүрүп берет;
-800(сегиз жүз) тонна килограмы 2 (эки) сомдон көмүр түшүрүп берет;
-70 (жетимиш) тонна жаштарга бекер көмүр түшүрүп берет;
-800000 (сегиз жүз миё) сом жылына көмүр сактоочу склад үчүн ижара акы
төлөйт;
-күнүнө 2 жолу жол каттамына элди чаёдан коргоо жана экологияны сактоо үчүн
суу себүү жүргүзүлсүн;
-рекультивация иштерин жүргүзүлсүн;
-өзгөчө кырдаал учурунда техникалары менен кызмат көрсөтөт;
2. Келишим түзүүдө жогорудагы иштерди кошуу менен бирге, алдыда аткарылуучу эл кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишим түзүү жоопкерчилиги Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Өзгөн Энерго Уголь” көмүр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |