Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 26
Салам-Алик айыл өкмөтү “Жазы” акционердик коому көмүр ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын” 31-беренесине, КРнын тиешелүү Мыйзам актыларына ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу коммиссиясынын мүчөсү, депутат А.Абдуллаевдин “Жазы” акционердик коому көмүр ишканасы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү боюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтү менен “Жазы” АО ишканасынын ортосунда Салам-Алик айыл аймагынын жарандарына төмөндөгү өлчөмдөгү көмүрдү түшүрүп берүү, көрсөтүлгөн кызматтарды жана ижара салык төлөөнү аткаруу боюнча эки тараптуу келишим түзүү талап кылынсын:
-100 (жүз) тонна жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер көмүр түшүрүп берет;
-800(сегиз жүз) тонна килограмы 2 (эки) сомдон көмүр түшүрүп берет;
-70 (жетимиш) тонна жаштарга бекер көмүр түшүрүп берет;
-800000 (сегиз жүз миё) сом жылына көмүр сактоочу склад үчүн ижара акы төлөйт;
2. “Жазы” АК ишканасы көпүрөнү капиталдык ремонт жасагандан кийин техникаларды өткөрүү боюнча келишимди түзүү талап кылынсын.
3. Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн өткөн ар бир жүк ташуучу машинадан төмөндөгү өлчөмдөгү салык алуу белгиленсин:
“ХОВО” маркасындагы машина үчүн 300-00 (үч жүз) сом;
“ЗИЛ” маркасындагы машина үчүн 100-00 (жүз) сом:
3. Көпүрөдөн техникаларды өткөрүү боюнча жана көпүрөдөн алынган акча каражаттарын казына аркылуу кириш чыгыш операцияларын жүргүзүү боюнча Жоболорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Салам-Алик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ак-Терек айылынын эли пайдалануучу чоп ормолорго келтирилүүчү чыгымдардын (зыяндардын) компенсациясын төлөөнүн жобосун айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгылып, келишимге киргизүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Ак-Терек айылынын Сай мааласинин көмүр ташыган жолуна чаёды жок кылуу үчүн күнүнө 2 жолудан “Жазы” АО тарабынан суу себилсин.
6. Рекультивация иштерин жүргүзүү келишимде көрсөтүлсүн.
7. Келишим түзүүдө жогорудагы иштерди кошуу менен бирге, алдыда аткарылуучу эл кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишим түзүү жоопкерчилиги Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Жазы” АО көмүр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |