Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 27
Салам-Алик айыл өкмөтү“АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын” 31-беренесине, КРнын тиешелүүМыйзам актыларына ылайык жана Салам-Алик айылдык кеёешинин туруктуу коммиссиясынын төрагасы, депутат А.Таштемировдун “АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүүбоюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеёешинин 6-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүменен “АБКЕ” ЖЧК ишканасынын ортосунда Салам-Алик айыл аймагынын жарандарына төмөндөгүөлчөмдөгүкөмүрдүтүшүрүп берүү, көрсөтүлгөн кызматтарды жана ижара салык төлөөнү аткаруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүталап кылынсын:
-100 (жүз) тонна жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер көмүр түшүрүп берет;
-200(эки жүз) тонна килограмы 2 (эки) сомдон көмүр түшүрүп берет;
-70 (жетимиш) тонна жаштарга бекер көмүр түшүрүп берет;
-600000 (алты жүз миё) сом жылына көмүр сактоочу склад үчүн ижара акы төлөйт;
-жол коопсуздугу сакталсын;
-өзгөчө кырдаал учурунда техникалары менен кызмат көрсөтөт;
2. Рекультивация иштерин жүргүзүүкелишимде көрсөтүлсүн.
3. Келишим түзүүдө жогорудагы иштерди кошуу менен бирге, алдыда аткарылуучу эл кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишим түзүүжоопкерчилиги Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана “АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Айылдар арасындагы жана ичиндеги көмүр ташыган жолдорго чаёды жок кылуу үчүн күнүнө 2 жолудан суу себилсин.
5. Көмүр ишканасына жергиликтүүтургундардан 50% дан кем эмес жумушчу-кызматчыларды жумушка кабыл алуу тартиби киргизилсин.
6. Келишим түзүүдө жогорудагы иштерди кошуу менен бирге, алдыда аткарылуучу эл кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишим түзүүжоопкерчилиги Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана “АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |