Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 28
Салам-Алик айыл өкмөтү “Кулуш-Ата” ЖЧК көмүр ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине, КРнын тиешелүү Мыйзам актыларына ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу коммиссиясынын төрагасы, депутат А.Таштемировдун “Кулуш-Ата” ЖЧК көмүр ишканасы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү боюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтү менен “Кулуш-Ата” ЖЧК ишканасынын ортосунда Салам-Алик айыл аймагынын жарандарына төмөндөгү өлчөмдөгү көмүрдү түшүрүп берүү, көрсөтүлгөн кызматтарды жана ижара салык төлөөнү аткаруу боюнча эки тараптуу келишим түзүү талап кылынсын:
-100 (жүз) тонна жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер көмүр түшүрүп берет;
-200(эки жүз) тонна килограмы 2 (эки) сомдон эленген көмүр түшүрүп берет;
-70 (жетимиш) тонна спортко көмүр түшүрүп берүү;
- көмүр сактоочу склад үчүн ижара акысын эл менен макулдашкандан кийин төлөйт;
-рекультивация жүргүзүү иштери келишимде көрсөтүлсүн;
-чоп ормолордун компенсацияларын төлөп берүү келишимде көрсөтүлсүн;
-өзгөчө кырдаал маалында техникаларды берип турат;
-көпүрөнү ремонттоп туруу жагы келишимде көрсөтүлсүн;
2. “Кулуш-Ата” ЖЧК ишканасы менен көпүрөнү капиталдык ремонт жасагандан кийин техникаларды өткөрүү боюнча келишимди түзүү талап кылынсын.
3. Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн өткөн ар бир жүк ташуучу машинадан төмөндөгү өлчөмдөгү салык алуу белгиленсин:
“ХОВО” маркасындагы машина үчүн 300-00 (үч жүз) сом;
“ЗИЛ” маркасындагы машина үчүн 100-00 (жүз) сом:
4. Көпүрөдөн техникаларды өткөрүү жана көпүрөдөн алынган акча каражаттарын казына аркылуу кириш чыгыш операцияларын жүргүзүү боюнча Жоболорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Салам-Алик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ак-Терек айылынын эли пайдалануучу чоп ормолорго келтирилүүчү чыгымдардын (зыяндардын) компенсациясын төлөөнүн жобосун иштеп чыгып, келишимге киргизүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Ак-Терек айылынын Сай мааласинин көмүр ташыган жолуна чаңды жок кылуу үчүн күнүнө 2 жолудан “Кулуш-Ата” ЖЧК ишканасы тарабынан суу себилсин.
7. Келишим түзүүдө жогорудагы иштерди кошуу менен бирге, алдыда аткарылуучу эл кызыкчылыгын коргогон эки тараптуу келишим түзүү жоопкерчилиги Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Кулуш-Ата” ЖЧК ишканасы көмүр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И. |