Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 463 чыгыш сандуу өтүнүч катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун өтүнүч каты боюнча депутаттар карап талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылын табигый кырсыктан сактоо максатында Кызыл-Суу дарыясынын жээктерин дамбалоо жана тосмолорду тосуу үчүн, Дара участкасынан № 1242 контурунда жайгашкан аска-зоолордон таш алуу үчүн 10000 м кв жер аянтына макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү калктын суроо талаптарын эске алуу менен № 1242 контурунан таш алууда бардык тиешелүү документтерин мыйзамга ылайык жасоо жана мыйзамдуу иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |