Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чон-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 2
Айыл чарба эмес багытындагы жер аянттарынан алынуучу салык үчүн К1 коэффициентин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жыйымдар боюнча башкы адис А.Абжамиловдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Айыл чарба эмес багытындагы жер аянттарынан алынуучу салык үчүн
К1 коеффициенти АЗС, кен байлыктарды иштетүүчү ишканалар,
офистер, банктар 1,5 болуп
-Дароот-Коргон айылындагы жайгашкан коммерция жүргүзүүчү
уюмдарга 1,2 болуп
-Айыл өкмөтүндөгү башка айылдардагы коммерция жүргүзүүчү
уюмдарга 1,0 болуп бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Н. Маматназаров |