Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чон-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-май № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылындагы Ак-Терек участкасынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жер адиси З.Исаковдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин
6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылынын тургундары турак жай куруу үчүн Ак-Терек участкасынын башкы планы бекитилсин.
2. Кулчу айылынын турак жай куруу үчүн жер сурап карылган жарандарга мыйзам чегинде жерлерди бөлүп берүү Чоң-Алай айыл өкмөт үн үн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөнд үрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |