Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-апрели № 19
Сүлүктү шаарынын прокурорунун 2017-жылдын 13-апрелиндеги №11-273-17 сунушу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын прокурорунун 2017-жылдын 13-апрелиндеги №11-273-17 сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алып депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 6-январындагы I-сессиясынын №2 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламенти кучун жоготту деп саналсын
2. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы II -сессиясынын №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5.3 пунктундагы “ Туруктуу комиссиялар шаардык кеӊештин алдында жооптуу жана ага баш ийет” деген 2-сүйлөм алынып салынсын
12.2 пункту төмөнкүдөй мазмуунда өзгөртүлсүн:
3. Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар. Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
12.13. пунктунун.-“Депутатты тартипке чакыруу, азыркы регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеӊешке сунуштоого деген 5-абзацы алынып салынсын.
14.4.пунктунун аягындагы “Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок” деген сүйлөм алынып салынсын
4. Бул токтом расмий жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирет
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Азизбеков |