Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жер адиси З.Исаковдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин
6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынан 30,0 га, Арык-үстү участкасынан 5.0 га калктуу конушка берүү максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер » категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. «Айыл чарба багытындагы жерлер » категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |