Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чон-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 6
Дароот-Коргон айылындагы эскирген бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жер адиси З.Исаковдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылын көрктөндүрүү үчүн айылдын ичиндеги эскирген жана жашоочуларга кооптуу болгон бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
3. Жок кылынган бак дарактардын ордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузуу
4. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |