Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-майы № 7
Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин директору Н.Ажиевдин мектепти гимназия болуп өзгөртүү боюнча сунуш катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин директору Ажиев Ниязбек Сайдакматовичтин А.Саит атындагы инновациялык орто мектебинин атын гимназияга өзгөртүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин мектеп жамаатынын жана ата-энелердин өтүнүчүн эске алып мектептин гимназия болуп өзгөрүүсүнө макулдук берилсин.
2. Гимназия болуп өзгөртүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы мектептин директору Н.Ажиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Н.Маматназаров |