Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 8
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттары А.Абдылдаев, Б.Бегматаев жана П.Мурзакуловдун сунуштарын кароо жөнүндө
1997-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын мурунку софхоздордун пайдалануусундагы бадал, токой баскан жер аянттарын токой чарбасына өткөрүп берүү боюнча токтомдоруна ылайык берилген жер аянттарын алмаштыруу максатында Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылы 10-сентябрындагы № 44 сандуу токтомуна ылайык токой чарбасына өткөрүлүп берилген 4712.78га жер аянты бүгүнкү күндө эл жайлоо катары пайдалангандыгына байланыштуу жер участогу кайтарылып алынып анын ордуна «Текелик» өрөөнүнүн Муз-Жылга, Кара-Суур, Таш-Жайлоо участкаларынан 4712.78 га жер аянтын Чоң-Алай токойчулугуна алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Жер аянттарын алмаштырууну Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүү Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровко жана Чоё-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |