Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 9
Жайыт комитетинин жылдык иш-планын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын иш-планын бекиттирүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын айылдык аймактын инфра түзүмүн өркүндөтүү боюнча түзүлгөн иш планы бекитилип берилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды өркүндөтүү үчүн иш-чараларды иш пландын негизинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Н.Маматназаров |