Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 6 -сессиясынын кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-майы № 10
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жашоочулардын жайлоого чыгуу, түшүү убактыларын белгилөө жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана айылдардын айыл башчылардын сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жашоочулардын жайлоого чыгуу 25-майга чейин ал эми жайлоодон көчүп түшүү мөөнөтү 10-октябрдан кийин деп белгиленсин.
2. Эгерде кимде ким жогорудагы көрсөтүлгөн мөөнөттө малдарын эгин жайларга түшүргөн болсо жылкы, кара малга 1 башка 2000 сом ал эми майда жандыктын 1 башына 500 сомдон айып пул салынсын.
3. Жашоочуларды жайлоого көчүрүүнү жана түшүрүүнү ошондой эле эгин жайга түшкөн малдардын ээлерине айып пулдарды салуу жана төлөтүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Жайчибековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Н.Маматназаров |