Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекcиз XXV сессиясы
2017-жылдын 03-майы № 120
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы № 113 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын, Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык кеңешинин 15.02.2017-жылдагы №113 токтумуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Аталган № 113 токтомдун:
4 пункту менен 2511 статьясына каралган акча каражатынан 2270,5 миң сом кыскартылсын, бул каражат төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
2111 статьясына – 870,9 миң сом;
2121 статьясына-150,2 миң сом;
2211 статьясына-15,0 миң сом;
2214 статьясына-311,3 миң сом;
2215 статьясына-16,0 миң сом
2221 статьясына-616,3 миң сом;
2222 статьясына-290,8 миң сом;
Жалпы: 2270,5 миң сом
6 пункту менен каралган каражаттан төмөндөгү өлчөмдөгү акча каражаты кыскартылсын:
Мэриянын аппаратынан:
2111 статьясынан – 126,4 миң сом;
2121 статьясынан -21,8 мин сом;
Шаардык кеңештин аппаратынан:
2111 статьясынан - 35,2 миң сом;
2121 статьясынан – 6,1 мин сом;
Жалпы: 189,5 сом
5. Жогорудагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Рахманкулов |