Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 12
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы бюджетинини аткарылышын жана 2017-жылга бюджетин бекитуу жана 2018-2019-жылдар учун бюджетин болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Суу-Башы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджети жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башыайыл өкмөтүнүн2016-жылдагы жериликтүү бюджетинин кирешеси 10543,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 10543,3 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин жана 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 7864,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 7864,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй болжолу жактырылсын:
4. 2018-жылга кирешелер боюнча болжол- 10155,0 миң сом суммасында, 2019-жылга 10337,1 миң сом суммасында;
5. 2018-жылга чыгымдар боюнча болжол- 101550,0 миң сом суммасында, 2019-жылга 10337,1 миң сом суммасында;
6. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга болжолу 2-3 тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшуүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
7. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата кирешелеринин калдыгы 68,0 мин сом өлчөмүндө эске алынсын(бюджет-37,6 миң сом, атайын эсеп-30,5 миң сом). Калган калдыктын 37,6 мин сому айыл өкмөтүнүн аппаратынын ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөр чыгымдарына жана 30,5 миң сом балдар бакчасынын тамак аш сатып алуулар чыгымдарына жумшалсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Артыкбаев |