Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 7-марты № 14
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2017-жылга акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Г.Караматовдун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2017-жылга акы төлөө өлчөмдөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл окмотунун Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары откорулуп берилсин.
2. 2017-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү төмөнкүдөй бөлүп бекитилсин:
-ийри мүйүздүү малга бир ббаш үчүн- 120 сом
-музоо бир баш үчүн – 50 сом
-кой, эчкилер үчүн – 24 сом
-козу, улактар үчүн – 12 сом
-жылкы бир баш үчүн – 150 сом
-башка айыл окмотунон келген малдарга бир баш учун 2 эсе 10 кундон ашкандан кийин мыйзам негизинде толугу менен толонсун.
-Жайытка кочуп чыккан уй-бүлөгө тутун акчасы, куураган отунга бир кубка- 500 сом.
-Жайыт акысы өз убагында төлөнбөсө токтомдун негизинде ийри муйуздуу малдын ар бир башына 100 сомдон, ал эми майда малдын ар бир башына 20 сомдон айып пул салынсын.
3. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине 2017-жылга жайыт пайдалануу учун төлөнгүүчү акыны өз учурунда жыйнап, аны максаттуу жана мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жуктөлсун.
Төрага | Р Артыкбаев |