Редакцияот 07.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2017-жылдын 7-марты № 15

Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө

КРнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Суу-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары откорулуп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын коп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жузуно ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса откорулуп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.

4. Жайыт Комитетинин башчысы Жайыт Комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.

5. Жайыт Комитетине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитуудо жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай корсотулуп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар КРнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жургузулуусу каралсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзомолдоо жагы Суу-Башы айыл окмотунун башчысы К.Көзуевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р Артыкбаев