Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 7-марты № 16
Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылына жеке ветеринария ачуу жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылына жеке ветеринария ачуу максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылынын тургуну Мамытов Абдразакка Апкан айылына жеке ветеринария ачып, айылдык ветеринар болуп иштеп кетүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук ветеринария жана фитосанитардык башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Р Артыкбаев |