Загрузка документа…
КАРА – КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 2/1
Кара – Кочкор айыл аймагынын башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 48 – 49- беренесинин жана «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө Жобонун» талаптарына ылайык айыл аймагынын башчылык кызматына сунуш кылынган талапкерлерди талкуулап Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара – Кочкор айыл аймагынын башчылык кызматына талапкерликке төмөндөгүлөр көрсөтүлсүн :
1. Асанов Каныбек., 31-март 1957-жылы туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү, Кара-Кулжа районунун Кара Кочкор айылынын тургуну, жеке чарба.
2. Карыбеков Алимбек Кенжекулович., 24-август, 1967- жылы туулган , билими жогору, үй-бүлөлүү, Кара-Кулжа районунун Ак Кыя айылынын тургуну, жеке ишкер.
3. Ташматов Алимбек Сайпиевич., 10-сентябрь 1960-жылы туулган, билими жогору, үй-бүлөлүү, Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылынын тургуну, жеке ишкер.
4. Бегимкулов Орозбай Акылбекович., 20-февраль 1961-жылы туулган, билими жогору, үй-бүлөлүү, Кара-Кулжа районунун Ак Кыя айылынын тургуну, Кара Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштейт.
2. Бул токтом Кара – Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн .
Төрага | Э. Жакеев |