Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз 3- сессиясынын (V1- шайланган ) жыйналышы
2017-жылдын 24-январы № 4/1
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016- жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2017 - жылдын бюджети жөнүндө
«Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016 - жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2017 - жылдын бюджети жөнүндөгү» Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы К. Ибраимовдун маалыматын , Кара-Кочкор айылдык өругунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016 - жылдагы бюджетинин киреше болугу 9843,5 мин сомго , чыгаша болугу 9809,6 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2017- жылга 10326,2 миң сом олчомундо бекитилсин .
3. Калдык 2017- жылга 33893,0 сом раздел 709 сш , статья 2221 ге болунсун .
4. Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн 2017- жылга 9676,2 сом, атайын каражаттарга 650,0 сомго , 2018- жылга 10477,6 сомго бюджеттик долбоору бекитилсин .
5. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле ондуруштун көлөмдорунун , баалардын денгээлдеринин , инфляциянын денгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык округдук Кенештин сессиясында каралып , бекитиле тургандыгы белгиленсин .
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муиципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы И. Курманбаевге ) жана айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын
Төрага | Э. Жакеев |