Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз 3- сессиясынын (V1- шайланган ) жыйналышы
2017-жылдын 2-февралы № 4/2
Кара- Кочкор айыл өкмөтүнүн таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык ар бир түтүнгө 30 сом өлчөмүндө таштанды салыгы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы И. Курманбаевге ) жана айыл өкмөтүнүн салык боюнча кызматкери А. Жолдошбаевге тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |