Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз 3- сессиясынын (V1- шайланган ) жыйналышы
2017-жылдын 24-январы № 4/4
Кара –Кочкор айыл өкмөтүнүн 27.01. 2017-жылдагы № 9 буйругун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 28- июнундагы № 383 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жургузуунун тартиби жөнүндөгү» Жобого ылайык Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын ишине жылдык баалоо жургузуу боюнча комиссиясынын жыйналышынын 21.01.2017- жылдагы № 1 чечимине ылайык чыккан Кара-Кочкор айыл 27.01.2017 жылдагы № 9 буйругу бекитилсин .
2. 2017- жылга Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматчыларынын эмгек акы фондусуна буйрукта көрсөтүлгөн эмгек акы тарамындагы кезектеги кадамды пайдалануу менен Кара- Кочкор айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөнүп берилсин .
3. Бул токтомду аткаруу жагы Кара- Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Ибраимовго милдеттендирилсин .
Төрага | Э. Жакеев |