Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз 3- сессиясынын (V1- шайланган ) жыйналышы
2017-жылдын 26-апрели № 5/1
Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу , көрктөндүрүү жана айлана чөйрөну тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү , айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жургузуп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен белгиленсин .
2. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарындагы үйлөрдү актатууну , короо жайларды иретке келтирүүнү уюштурушсун .
- айыл ичиндеги ички арыктарды казуу үчүн элди уюштуруу менен жол боюндагы аялдамаларды арыктарды калыбына келтиришсин .
- тез аранын ичинде жол боюндагы корнокторду мезгил талабына ылайык ондоп түзүшсүн .
- айыл жериндеги жолдорду , көпүрөлөрдү ондоо , эски суу түтүктөрүн ондоону колго алышсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кенешинин агрардык , азык – тулук , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
( төрагасы Т. Орозовго ) жана айыл окмотунун аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |