Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз 3- сессиясынын (V1- шайланган ) жыйналышы
2017-жылдын 26-апрелиндеги № 5/2
Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагында 2017- жылдын жазгы талаа иштерине сапаттуу даярдык коруу жана өз мөөнөтүндө жогорку уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн ар бир айылында 2017- жылдын жазгы талаа , оруп жыюу иштерине байланыштуу бардык маселелерди ыкчам кароо жана чечүү боюнча жумушчу топторду түзүшсүн .
2. Айдоо аянттарынын бекитилген түзүмү ар бир айылга жеткирилсин жана өз убагында сапаттуу аткарылышына түзүлгөн жумушчу топ көзөмөлдөөнү камсыз кылышсын .
3. Күйүүчү , майлоочу материалдык дизелдик отундун , автобенгзиндин керектүү көлөмдөрүн жана үрөөндөрдү айыл чарба машиналарына запастык тетиктерди сатып алуу үчүн микрокредиттик счетчиктер аркылуу финансы каражаттарын көбүрөөк тартууну уюштурушсун .
4. 2017- жылдын 28 - апрелине чейин суу чарба обьектилерин ондоо , калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн жылдык бюджеттеги акча каражатын бөлүүнү камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асановго милдеттендирилсин .
5. Күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн бардык аянтын азот минералдык жер семирткичтери менен эрте жазда ирдентүүнү айыл башчылар камсыздашсын .
6. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык , азык – түлүк , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
(Т. Орозовго ) жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |