Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-майы № 5-1
Жайыт комитетинин бюджетине тактоолор киргизүү жөнүндө
Жайыт комитетинин 2017-жылга бекитилген бюджетине киргизилген элдин салымын өзүнчө кылып көрсөтүп берүү жана жайыт комитетине транспорт бөлүнүп берилбегендигине байланыштуу өзүнүн жеке менчик машинасын транспорттук унаа катары пайдаланууга уруксат берүү тууралуу жайыт комитетинин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгүндөгү 350.000 сомдун 100.000 сому элдин салымы экендиги белгиленсин.
2. Жайыт комитетине атайын унаа каралбагандыгына байланыштуу, төраганын жеке менчик унаасын транспорт катары пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана сураган жерге көрсөтүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |