КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 27-майы № 5-2
Таштанды ташып чыгаруунун тарифин көтөрүү тууралуу
Таштанды ташып чыгаруунун тарифи жылына өзгөртүп баруу керектигин, ал эми биздин айыл өкмөттө акыркы жолу 2013-жылы 60 сом деп кабыл алынгандан бери эч өзгөрө электигин жана азыркы учурда эң төмөнкү бюджет биздин айыл өкмөттө экендигин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын КРнын «Бейсалык төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын» ставкасынын өлчөмү 100 сом деп бекитилсин.
2. Бекитилген өлчөм 2018-жылдын 01-январынан тартып ишке киришсин жана токтомду айыл аймагынын тургундарына жеткирүү жагы салыкчыларга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |