Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 27-майы № 5-4
Сасык-Булак булагын муниципалдык менчикке алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59-токтомун аткарууга алуу максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5- пунктуна, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59-токтомунун негизинде Арбын айылындагы Сасык-Булак булагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Арбын айылынын айыл башчысы А.Кадыровко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адис Б.Маткеримовко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |