Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVI I чакырылышынын V I сессиясы
2017-жылдын 02-июну № 27/7-2
Дж.А.Асылбековдун ысымын айылдык китепканага ыйгаруу жөнүндө
Эмгектин ардагери Джумаш Абдрахманович Асылбековдун аты Ананьев айлындагы айылдык китепканага ыйгаруу сунушун угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джумаш Абдрахманович Асылбековдун ысымы Ананьев айлындагы айылдык китепканага ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелер жана этика комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |