Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 27-1-1
Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кенештин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кабак аймагынын айыл кенешинин төрагасына сунушталган талапкерлердин Жээнбеков Слан жана Шорукова Айымканга жабык добуш берүү менен өткөн шайлоонун жыйынтыгынын негизинде, берилген добуштарды санап жана Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын депутаттардын сунушу менен Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасына сунушталган Жээнбеков Слан Карыпбекович, жалпы катышкан депутаттардын көпчүлүгү же болбосо жети добушун алгандыктан Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын төрагасы деп бекитилсин.
2. Жаңы шайланган Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын төрагасы Жээнбеков Слан Карыпековичке, Кабак айыл аймагынын айылдык кенешине тийиштүү мөөр жана башка оргтехникаларды өткөрүп берүүнү Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Жусупов |