Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын I сессиясынын
2017-жылдын 27-февралы № 27-4-1
Кабак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин, 2018-2019-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга кирешеси жана чыгаша бөлүгү өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен – 13250,6 мин сом
өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү – 9084,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
анын ичинен:- теңдештирме грант – 2299,7 мин сом
- салыктан түшкөн киреше – 6784,5 мин сом
2018-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору – 9319,9
миң сом өлчөмүндө бекилилсин
анын ичинен:- теңдештирме грант – 2057,0
- салыктан түшкөн киреше – 7262,9
2019-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору – 9964,9
миң сом өлчөмүндө бекилилсин
анын ичинен:- теңдештирме грант – 2121,0
- салыктан түшкөн киреше – 7843,9
3. Айыл +кмөтүндө эмгек акыга, социалдык фондко жана сметада каралган баардык статьяларды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фонд. коммуналдык кызмат бала бакчанын тамак-ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б) каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Абдыралиевага милдеттендирилсин.
4. Кабак айыл өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык нак акча 25,0 мин суммасында бекитилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кабак айылдык Кенешинин Финансы экономика маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |