Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын I сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 27-4-2
2016-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнөмдөлгөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражаттын жалпы суммасы 3,924,609 сом 92 тыйын (үч миллион тогуз жүз жыйырма төрт миң алты жүз тогуз сом токсон эки тыйын), Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын кайрылуу, сунуштарын Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражат төмөндөгү жумуштарга жумшалсын:
1. И.Орозалиев атындагы +рнөк орто мектебине компьютер жана интернет менен камсыздоого 200,000 (эки жүз миң) сом
2. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүн тыткан машина сатып алууга 300,000 (үч жүз миң) сом
3. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган тез жардам унаасынын тетиктерине жана күйүчү май алууга 60,000 (алтымыш миң) сом.
4. Кабак айылдык китепканасына 18,000 (он сегиз) миң сом
5. Кабак айыл өкмөтүнө компьютер жана принтер алганга 30,000 (отуз миң) сом
6. И.Орозалиев атындагы «+рнөк» орто мектебинин спорт командаларына форма, керектүү материалдарды сатып алуу үчүн 65,000 (алтымыш беш) миң сом
7. Айылдардагы жолдордогу суу өтүүчү арыктарга труба алуу үчүн 180,000 (жүз сексен) миң
8. Көчөлөргө жарыктандыруу үчүн түнкү чырактарды алууга 174,200 (жүз жетимиш төрт миң эки жүз) сом
9. Сары-Булуң айылынын окуучуларын ташыган микроавтобуска 100,000 запастык бөлүктөргө (жүз миң) сом
10. Кызыл-Коргон айылынын Ы.Ашырбеков көчөсүнүн жашоочуларына арык казып берүүгө 30,000 (отуз миң) сом
11. Кичи-Жекат участкасынын арыгын казууга жана жолун оңдоого 200,000 (эки жүз миң) сом
12. Бостоң-Кайың участкасынын арыгын казууга жана жолун оңдоого 200,000 (эки жүз миң) сом
13. Котур-Суу-Кызыл-Коргон айылдарынын жолун оңдоого 200,000 (эки жүз миң) сом
14. Чоң-Жекат жолун оңдоого 200,000 (эки жүз миң) сом
15. Туура-Терек жолун оңдоого 200,000 (эки жүз миң) сом
16. Сары-Булуң ички жолдорун оңдоого 20,000 (жыйырма миң) сом
17. Айыл өкмөтүнө КамАЗ жүк ташуучу унаасын сатып алууга 1,000,000 (бир миллион) сом
18. Кызыл-Коргон айылына суугат арыгын салууга 30,000 (отуз миң) сом
19. Кабак айылдык клубуна боз үй сатып алууга 50,000 (элүү миң) сом
20. Таза суу системасынын тетиктерин жакшыртууга 50,000 (элүү миң) сом
21. И.Орозалиев атындагы «+рнөк» орто мектебинин жылуулук системасын оңдоого 110,000 (жүз он миң) сом
22. Кызыл туз алуу үчүн курула турган көпүрөнүн курулушуна 50,000 (элүү миң) сом
23. Китепкана жана муз тебүүчү аянчанын документтерин даярдаганга 57,409 (элүү жети миң төрт жүз тогуз) сом.
24. Кабак айылдык клубуна форма алуу үчүн 100,000 (жүз мин) сом,
25. Карачүйлүү көпүрөсүн оңдоого 300,000 (үч жүз миң) сом
2. Ушул токтом айыл Өкмɵтүнɵн каттоодон ɵткɵрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | С.Жээнбеков |