Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1-2
айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо талапка ылайык өткөрүлгөндүгүн эске алуу менен, эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы болуп Ыдырысов Туратбек Сейдибакасович шайлангандыгы белгиленсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Асанбаева Клара Асановна шайлангандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М. Акматалиев |