Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын I сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 1-3
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – К. Айдыралиев;
Мүчөлөрү: А. Аалиев, М. Жамашев, Н. Жоломанов, Б. Жеңишбек уулу;
2. Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Э. Сейитказиев;
Мүчөлөрү: Ж. Акбаева, М. Абдылдаев, Т. Сыдыков;
3. Курулуш, трнаспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – К. Асаналиев;
Мүчөлөрү: И. Мелисов, Н. Ясинова, Э. Абдымаликов;
4. Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – М. Акматалиев;
Мүчөлөрү: Б. Чөлбаева, Т. Каденов;
5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Г. Молдоянова;
Мүчөлөрү: Ж. Курмангалиев, А. Жумабеков;
2. Түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М. Акматалиев |