Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын I сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 2-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын шайланган депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Чоробеков Кубанычбек Чоробекович Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленсин.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл ө кмө түнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл ө кмө т башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө » жобосуна ылайык мыйзам чегинде ө ттү деп таанылсын.
3. Ушул токтом айыл ө кмө түнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жө нө түлсүн.
Төрага | М. Акматалиев |