Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги III сессиясынын
2017-жылдын 20-февралы № 3-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 1 314 341 сом 80 тыйын калдык жана атайын эсебиндеги 140 793 сом 40 тыйын акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 1 314 341 сом 80 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1. Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык кещештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 784 600 сом;
2. Ит атууга 50 000 сом;
3. Муниципалдык ишканага 250 000 сом;
4. Күйүүчү майлоочу май (ГСМ) 30000 сом;
5. Интернет 10 000 сом;
6. Өзгөчө кырдаалдарга 58 900 сом;
7. Кредитордук карыздар үчүн 130 800 сом;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги атайын каражат боюнча 01.01.2017-жылга калган калдыгы 140 793 сом 40 тыйын төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
8. Башкаруу аппаратына 10 061 сом ар кандай чыгымдарга;
9. Бала бакчаларга 130 732 сом тамак-аш чыгымдарына;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т.Ыдырысов |