Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 20-февралы № 3-3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 29 320 500 (жыйырма тогуз миллион үч жүз жыйырма миң беш жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 27 865 400 (жыйырма жети миллион сегиз жүз алтымыш беш миң төрт жүз) сомго бекитилсин.
2. 2017-жылдын бюджетин түзүүдө айыл өкмөттүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн толук анализден өткөрүп, райондук финансы бөлүмү менен макулдашып алып келүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М. Акматалиев |